Эрдоган кабинет жыйынынан кийин маалымат берди

Президент Режеп Таййип Эрдоган : "Жыйындан мурда биз да  делегациялар менен жолугушуп, кыска сүйлөшүү өткөрөбүз".

1803296
Эрдоган кабинет жыйынынан кийин маалымат берди

Президент Режеп Таййип Эрдоган  эртең Стамбулда боло турган Россия  -  Украина делегацияларынын сүйлөшүүсү тууралуу : "Жыйындан мурда биз да  делегациялар менен жолугушуп, кыска сүйлөшүү өткөрөбүз",- деди. 

Эрдоган президенттик комплексте өткөрүлгөн президенттик кабинет жыйынынан кийин билдирүү жасады. Россия - Украина согушуна токтолгон Эрдоган, эки өлкөнүн делегацияларынын эртең Стамбулда боло турган жолугушуусун эске салып : "Жыйындан мурда биз да делегациялар менен жолугушуп кыска сүйлөшүү өткөрөбүз",- деди. 

Кризистин сүйлөшүү жана диалог жолу менен чечилиши үчүн аракет кылган өлкө Түркия экендигин баса белгилеген Эрдоган Россия менен Украинанын президенттери Путин жана Зеленский менен жүргүзүп жаткан телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдүн оң жолдо бара жаткандыгын айтты. 

Орус аскерлери 24  - февралда Украинага кол сала баштаган. 

 

 

 



Тектеш кабарлар