Президент Эрдоган НАТО саммитине баа берди

Эрдоган : "Акыркы чечим Россия, Украина жана эл аралык коомчулук тарабынан кабыл алынуучу ишенимдүү формулага негизделиши керек деп ойлойбуз",-деди.

1801546
Президент Эрдоган НАТО саммитине баа берди

Президент Режеп Таййип Эрдоган 24 -  февралдан бери болуп келе жаткан Россия  -  Украина согушу тууралуу : «Акыркы чечимдин Россия жана Украина менен эл аралык коомчулук кабыл ала турган ишенимдүү бир формулага таянышы керектигин ойлоп жатабыз»,- деди.

Президент Эрдоган Бельгиянын борбор шаары Брюсселдеги НАТОнун кезексиз лидерлер саммитине баа берди.

Эрдоган : «Башта Европа өлкөлөрү болуу менен баары эшигине келген качкындарды колдоп, кыйынчылыктарынын жеңилдетилиши үчүн колунан келгенди аткарышы керек»,- деди.

Эрдоган НАТОнун азыркы согуш шартында Украинага саясий колдоосун сактап, реалдуу жана стратегиялык мамиле менен кыймыл  кылышы шарт экендигин  айтты.

Түркиянын НАТОнун каршылык жана коргонуу чараларына союздаштыкка таянган салымын кошууну уланта турганын баса белгилеген Эрдоган : «Биз союздаштарыбыздан да ушундай тилектештикти күтөбүз», - деди.

Эрдоган түрк коргонуу өнөр жайынын ийгиликтери ачыкча көрүнүү менен бул тармакта  Түркия беттешкен тоскоолдуктардын эч бир негиз болбой тургандыгын айтты.

Президент Эрдоган : «Коргонуу өнөр жайыбыздын  алдына айрым союздашттарыбыз тарабынан коюлган чектөөлөрдүн  жоюлушу биздин кызыкчылыгыбызга»,- деди.

«Союздаштар арасында жашыруун -  ачык эмбарголордун  ишке ашырылышы мындай турсун күн тартибине да келбеши керек. Бул тууралуу күтүүлөрүбүздү лидерлер менен бөлүштүм»,- деген Эрдоган : «Келинген жерде эң башта Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши жана башка  глобалдык коопсуздук архитектурасынын олуттуу  реформаланышы  сөз болууда»,- деп баа берди.

Россиянын президенти Владимир Путин жана Украинанын президенти Владимир Зеленский менен сүйлөшүүлөрүн улантышарын да баса белгилеген Эрдоган : «Аракеттерибиздин баары эки лидерди жолугуштуруп, тынчтык атмосферасын түзүү. Акыркы чечим Россия, Украина жана эл аралык коомчулук тарабынан кабыл алынуучу ишенимдүү формулага негизделиши керек деп ойлойбуз»,-деди.



Тектеш кабарлар