Пакистан Кипр тууралуу Түркияга колдоосун билдирди

Пакистандын президенти Ариф Алви өлкөсүнүн Кипр маселесинде Түркияга колдоосун уланта турганын кайталады.

1801609
Пакистан Кипр тууралуу Түркияга колдоосун билдирди

Пакистандын президенти Ариф Алви өлкөсүнүн Кипр маселесинде Түркияга колдоосун уланта турганын кайталады.

Пакистан радиосунун кабарына караганда, башкы штабдын төрагасы генерал Яшар Гүлер борбор шаар Исламабадда президент Алви тарабынан кабыл алынды.

Жолугушууда Түркия менен Пакистандын ортосундагы эки тараптуу карым - катнаштарды түрдүү тармактарда дагы тереңдетүү, аймактык жана эл аралык деңгээлде бири - бирине колдоо көрсөтүү чечкиндүүлүгү дагы бир жолу белгиленди.

Эки өлкө тең Афганистандагы тынчтыктын афган элине гүлдөп - өнүгүүнү алып келери жана аймактык соодага, өнүгүүгө өбөлгө болору боюнча  макулдашты.

Президент Алви Пакистандын Кипр маселесинде Түркияга колдоосун уланта турганын дагы бир жолу баса белгилеп, өзгөчө Кашмир темасында көрсөткөн колдоосу үчүн Түркияга ыраазычылык билдирди.

Башкы штабдын төрагасы генерал Гүлер Пакистандагы жолугушууларынын алкагында Пакистандын Башкы штабынын төрагасы Надим Раза жана күч командирлери менен да жолугушту.



Тектеш кабарлар