Ибрахим Калын Моид Юсуф менен сүйлөштү
Сүйлөшүүдө эки тараптуу карым-катнаштар, Украина кризиси, Ооганстандагы акыркы кырдаал жана аймактык маселелер каралды.
1800901
Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын Пакистандын улуттук коопсуздук кеңешчиси Моид Юсуф менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Сүйлөшүүдө эки тараптуу карым-катнаштар, Украина кризиси, Ооганстандагы акыркы кырдаал жана аймактык маселелер каралды.
Сүйлөшүүгө байланыштуу билдирүүдө: "Түркия менен дос жана боордош өлкө Пакистандын ортосундагы эки тараптуу карым-катнаштар талкууланган сүйлөшүүдө, өзгөчө саясий, экономикалык жана аскердик баш болгон бардык тармактарда күчтүү кызматташтыктын улана турганы белгиленди»,-деп маалымдалды.