УКК жыйыны аяктады

Баш калаа Анкарадагы Президенттик комплексте өткөрүлгөн жыйын болжол менен 3 саат 45 мүнөткө созулду.

1800840
УКК жыйыны аяктады

Улуттук Коопсуздук Кеңеши (УКК) президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде чогулду.

Баш калаа Анкарадагы Президенттик комплексте өткөрүлгөн жыйын болжол менен 3 саат 45 мүнөткө созулду.

Жыйындан кийин жарыяланган УКК билдирүүсүндө: "Түркиянын Кара деңизде тынчтык жана ырааттуулуктун сакталышы үчүн (1936-жылы кол коюлган) Монтре келишиминин ишке ашырылышына кошумча түрдө (Орусия менен Украинанын ортосунда) ортомчулук жана көмөктөшүү аракеттерин уланта турганы белгиленди. Түркиянын Кара деңиздин түндүгүндө болгон окуялардагы тең салмактуу позициясы, глобалдык жана аймактык тынчтык аракетинин канчалык так экендиги акыркы кырдаалдарда байкалды" деген сөздөр камтылды. 

Билдирүүдө (24-февралдан башталган) Орусия-Украина согушуна байланыштуу: "Украинанын эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн эске алуу менен эки өлкөнүн көйгөйлөрүн туруктуу чечүү аракетин арттыруу зарылдыгы баса белгиленди",-деп маалымдалды. 



Тектеш кабарлар