Эрдоган: «Орусия-Украина согушунда дипломатиялык демилгелерибизди улантабыз»
Эрдоган Түркияга расмий сапар менен келген Нидерландиянын премьер-министри Марк Рютте менен Президенттик комплексте жеке жана делегациялар аралык жолугушууларды өткөрдү.
Президент Режеп Таййип Эрдоган Орусия-Украина согушунда Түркиянын дипломатияны жалгыз чыгуу жолу катары көргөн демилгелерин уланта турганын айтты.
Эрдоган Түркияга расмий сапар менен келген Нидерландиянын премьер-министри Марк Рютте менен Президенттик комплексте жеке жана делегациялар аралык жолугушууларды өткөрдү.
Сүйлөшүүдөн кийин өткөрүлгөн биргелешкен маалымат жыйынында президент Орусия-Украина согушуна токтолду.
Түркиянын Украина кризисинин башталышынан бери так позицияны кармангандыгын эске салган Эрдоган: «Тилекке каршы, ал жердеги адамзат трагедиясы улам көбөйүүдө. Биз бул тенденцияны токтотуу үчүн интенсивдүү дипломатиялык алакаларды жүргүзүп жатабыз»,-деди.
Эрдоган, Украина жана Орусиянын президенттери Владимир Зеленский жана Владимир Путин менен байланыштарын улантып жатканын айтып: «Биз шарттардын кыйынчылыгын билебиз, бирок дипломатияны жалгыз жол деп эсептеген чын ыкластуу демилгелерибизди улантабыз»,-деп айтты.
Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу да Орусия жана Украинадагы кесиптештери менен жолукканын эске салган Президент: «Биз ок атышпоо жана тынчтык жолунда колубуздан келгендин баарын жасай турганыбызды баса белгиледик. Дипломатиянын кризистен чыгуунун жалгыз жолу экенин билебиз»,-деп баса белгиледи.
Сөзүндө Нидерландия менен карым-катнаштарга токтолгон Эрдоган, эки өлкөнүн ортосундагы соода көлөмүнүн 30 пайызга өсүп 11 миллиард долларга жеткенин, кийинки максаттын башында 15 миллиард доллар, андан кийин 20 миллиард доллар болгонун айтты.
Нидерландиянын премьер-министри Рютте да НАТО үчүн чоң саясий жана аскердик мааниге ээ болгон Түркиянын Орусия-Украина сүйлөшүүлөрүндө негизги ролду ойноорун белгилеп: «Мен Эрдоган мырзага бул ролду алганы үчүн ыраазычылыгымды билдирем»,- деди.
Рютте: «Эки өлкөгө (Орусия-Украина) ачык линиясы бар сейрек өлкөлөрдүн бири болгон Түркияны (арачылыкта) колдой турганыбызды айткым келет»,-деп айтты.
Тектеш кабарлар
Жевдет Йылмаз эртең Өзбекстанга барат
Жевдет Йылмаз эки күндүк сапарында Өзбекстандын президенти Шевкет Мирзиёев менен жолугушат.