Эрдоган санариптик мобилизация жарыялады

Эрдоган борбор шаар Анкарадагы «Forum Metaverse» иш-чарасында сөз сүйлөдү.

1799309
Эрдоган санариптик мобилизация жарыялады

Президент Режеп Таййип Эрдоган алдыдагы мезгилди санариптик мобилизация мезгили деп жарыялашкандарын билдирди.

Эрдоган борбор шаар Анкарадагы «Forum Metaverse» иш-чарасынын катышуучуларына сүйлөгөн сөзүндө, дүйнөнүн санариптик технологиялардын негизинде курулган жаңы доорго бара жатканын айтып: «Өлкө башчылары катары биздин милдетибиз - өз элибизди, жаштарыбызды, өзгөчө бул келечекке эң туура, эң коопсуз, эң күчтүү жана эң жабдылган түрдө даярдоо»,- деди.

Картелге айланган социалдык медиа платформаларынын мыйзамдык жана адеп-ахлактык чек тааныбаган үнөмдөөлөрүнүн да бул жаатта жолун ачуу зарылдыгын так чагылдырганын билдирген президент: «Азыр санариптик экономиканын реалдуулугу жана санариптик маданияттын чындыгы өсүп жаткан болсо анда бардык өлкөлөр консенсус менен кабыл алып, колдой турчу санариптик укук тартибин орнотмоюн бул көйгөйлөрдү чечүү мүмкүн эмес. Бул башаламан санариптик климатта өз элибизди, өз балдарыбызды коргоо жана алардын глобалдык өнүгүүлөрдүн бир бөлүгүндө ал тургай анын алдында боло турган мүмкүнчүлүктөрдү түзүү биздин милдетибиз»,-деп айтты.

Түркиянын азыр космостогу ордун дагы күчтүүрөөк алуу үчүн өзүнүн спутнигин жасаган, программалык камсыздоосун даярдаган жана баллистикалык аппараттарын долбоорлогон өлкө болгонун баса белгилеген президент Эрдоган, глобалдык трасттарды карап «Түркиянын технологияда алдыга чыгууга эч кандай мүмкүнчүлүгү жок» деген айтымдардын бул өлкөнүн жаштарына акаарат болуп саналганын айтты.

"Учкучсуз учактарыбызды, Куралдуу учкучсуз учактарыбызды, Акынжы тик учурларыбызды жасай албасаңыз, анда сиз кул болуу менен бетме-бет келесиз» деген Эрдоган, алдыдагы мезгилди санариптик мобилизация мезгили деп жарыялаганын билдирди.

Президент Түркиянын потенциалынын өзүнүн Силикон өрөөнүн түзө ала тургандай деңгээлде экенин баса белгиледи.



Тектеш кабарлар