Чавушоглу Антальяда япон кесиптеши Хаяси менен жолугушту

Хаяси : «Түркия Япониянын стратегиялык өнөктөшү жана аймактык держава катары Украинадагы учурдагы кырдаалда активдүү ортомчулук ролду ойноп жатат».

1798396
Чавушоглу Антальяда япон кесиптеши Хаяси менен жолугушту

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу башта Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши жана эл аралык системанын  олуттуу реформага муктаж экендиги байкалгандыгын  айтты.

Чавушоглу Антальяда Япониянын тышкы иштер министри Хаяси Ёсимаса менен биргелеше өткөргөн маалымат жыйынында сөз сүйлөдү. Чавушоглу : «Япония менен көп тараптуу платформаларда көз караштарыбыз жакын, бирдикте аракет кылып жатабыз жана көп тараптуу платформалардагы кызматташуубузду да өнүктүрүүнү каалайбыз»,- деди. Чавушоглу Япогиянын 2023 – 2024 -  жылдары БУУнун Коопсуздук Кеңешине талапкерлигин колдогондорун баса белгиледи.  

«Россия  -  Украина согушу жана аймактарыбыздагы акыркы абалдар дагы бир жолу башта БУУнун Коопсуздук Кеңеши менен эл аралык системанын олуттуу реформага муктаж экендиги байкалууда»,- деген Чавушоглу Хаяси менен бул темаларда бирдикте аракет кылуу тууралуу бирдей пикирде экендерин айтты.

«Башта Россия кризиси болгон Азия Тынч океан аймагы менен аймактарыбыздагы маселелерде да пикир алышууларда болдук»,- деген Чавушоглу : «Урматтуу Хаясиге өзгөчө Украинадагы абалдар тууралуу маалыматтарды бердим. Акыркы абал тууралуу пикирлерибизди бөлүштүк. Өзгөчө Түркия катары ортомчулук аракеттерибизде жана акыркы келинген жер тууралуу маалыматтарды бердим»,- деди.

Апаат тобокелдиктерин азайтуу жана кырсыктар менен күрөшүүдө Япония менен болгон кызматташтыкты дагы да өнүктүрүүнү каалашкандарын баса белгилеген Чавушоглу космос жана жаңылануучу энергия тармактарында Хаяси менен биргелешип эмне кыла ала тургандарын сүйлөшүшкөндөрүн, деңиз тармагындагы сүйлөшүү механизми тууралуу да талкуулашкандарын  айтты.

Хаяси да : «Түркия Япониянын стратегиялык өнөктөшү жана аймактык держава катары Украинадагы учурдагы кырдаалда активдүү ортомчулук ролду ойноп жатат»,-деди.



Тектеш кабарлар