Эрдоган Шейиттер эстелигиндеги аземде сөз сүйлөдү

Президент Эрдоган Чанаккале жеңишинин 107 жылдыгына байланыштуу Шейиттер эстелигинде өткөрүлгөн аземде сөз сүйлөдү.

1797975
Эрдоган Шейиттер эстелигиндеги аземде сөз сүйлөдү

Президент Режеп Таййип Эрдоган Чанаккале согушунун улуу баатырдык дастан экенин айтып: «Эгемендүүлүктү сүйгөн эл мындан 107 жыл мурун тарыхтын нугун өзгөрттү»,-деди.

Президент Эрдоган Чанаккале жеңишинин 107 жылдыгына байланыштуу Шейиттер эстелигинде өткөрүлгөн аземде сөз сүйлөдү.

Чанаккале согуштарынын улуттун патриоттук, жан аябастык, эрдик сыяктуу бийик сапаттары чагылдырылган улуу баатырдык дастан экенин, ишеними үчүн өлүмдөн коркпогон боштондукту сүйгөн элдин мындан 107 жыл мурда тарыхтын нугун өзгөрткөнүн белгиледи.

Чанаккаледе ыймандуу жүрөктөрдүн дүйнөнүн эң күчтүү армияларын жеңгендерин, баскынчылык рухуна каршы ишенимдин үстөмдүк кылганын баса белгилеген Эрдоган: «Өз мекенин жана эркиндигин жан аябастан коргой турган улуттун алдында эч бир күчтүн, эч бир куралдын жок экени байкалды. Түрк улуту Чанаккаледеги өзгөчө күрөшү менен бардык эзилгендерге үмүт берди, көптөгөн колония өлкөсү Чанаккаледен алган илхам менен өз күрөшүн баштады. Чанаккале жеңиши бул жагынан бир гана биздин эмес, жүз миллиондогон боордошторубуздун жана эзилген элдердин биргелешкен жеңиши болуп саналат»,-деп айтты.

«Чанаккале, улут катары биздин түбөлүктүү бир туугандыгыбызды, тагдырлаш өнөктөштүгүбүздү чагылдырып, символдоштурат»,-деген Эрдоган: «Биз жаштар менен жолуккан сайын Чанаккале жана Чанаккале дастаны жөнүндө айтып, бул жерди көргүлө деп айтып келем. Жаратканым бизди шейиттерибиздин жолунан ажыратпасын. 18-Март Шейиттер күнүндө Анафарталар колбашчысы жана Республикабыздын негиздөөчүсү Гази Мустафа Кемал баш болгон бардык шейиттерибизди таазим кылып эскеремин»,-деди. 



Тектеш кабарлар