Түркиянын Крым тууралуу билдирүүсү
Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматта 2014-жылдын 16-мартында өткөрүлгөн мыйзамсыз референдум менен Украинанын курамындагы Крым Автономдук Республикасынын Орусия Федерациясына аннексияланганы эске салынды.
Крымдын Орусия тарабынан мыйзамсыз аннексияланышынын 8 жылдыгынан улам Түркия «стратегиялык өнөктөшү Украинанын аймактык бүтүндүгүн жана эгемендигин колдой турганын» дагы бир жолу тастыктады.
Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматта 2014-жылдын 16-мартында өткөрүлгөн мыйзамсыз референдум менен Украинанын курамындагы Крым Автономдук Республикасынын Орусия Федерациясына аннексияланганы эске салынды.
Эл аралык укукка ачык түрдө карама-каршы келген бул аракеттин Түркия жана эл аралык коомчулук тарабынан таанылбагандыгы баса белгиленген билдирүүдө, «Крымда болуп жаткан окуяларды, өзгөчө жарым аралдын негизги элементтеринин бири болгон Крым татар түрктөрүнүн абалын кылдаттык менен байкоону улантабыз. Түркия стратегиялык өнөктөшү Украинанын аймактык бүтүндүгүн жана эгемендигин колдой турганын бул себептен улам тастыктайт»,делди.
Тектеш кабарлар
Түркия ысык аба шарын учуруу боюнча эң алдыда
Жалпы өлкөдө лицензияланган 67 шар оператору, 6 билим берүү, 434 шар жана 682 шар учкучу бар.