Чавушоглу Украинадан эвакуацияланган түрктөр тууралуу маалымат бөлүштү

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу кечээ Твиттер эсебинен бөлүшүүсүндө, Львов, Черновцы, Запорожье жана Днепрден дагы 159 жаран жолго чыкканын белгиледи.

1797107
Чавушоглу Украинадан эвакуацияланган түрктөр тууралуу маалымат бөлүштү

Орусия-Украина согушунан улам кечээ дагы 159 түрк жараны Украинадан жолго чыкты.

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу кечээ Твиттер эсебинен бөлүшүүсүндө, Львов, Черновцы, Запорожье жана Днепрден дагы 159 жаран жолго чыкканын белгиледи.

Эвакуацияларга байланыштуу графикти бөлүшкөн Чавушоглу сөз болуп жаткан 159 кишинин бул шаарлардан автобус жана микроавтобустар менен эвакуацияланганын маалымдады.

Чавушоглу: «Эвакуацияланган жарандарыбыздын саны 15 196га жетти. Ак жол каалайм!»,-деп жарандарга колдоо көрсөттү.

Кечээ 13 кишиге чек арадан өтүүдө колдоо көрсөткөндөрүн билдирген Чавушоглу, согуштун башталышынан бери 4 миң 965 кишиге чек арадан өтүүдө колдоо көрсөтүлгөнүн белгиледи.

Орус аскерлери 24-февралда Украинага чабуул кое баштаган.

 



Тектеш кабарлар