Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Брюсселдеги НАТОнун башкы кеңсесине барды

Хулуси Акарды Түркиянын НАТОдогу туруктуу өкүлү, элчи Басат Өзтүрк жана башка жетекчилер  тосуп алды.

1796569
Улуттук коргоо министри Хулуси Акар  Брюсселдеги НАТОнун башкы кеңсесине барды

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар НАТОнун Коргоо министрлеринин кезексиз жыйынына катышуу үчүн Бельгиянын борбор шаары Брюсселдеги НАТОнун башкы кеңсесине барды.

Хулуси Акарды Түркиянын НАТОдогу туруктуу өкүлү, элчи Басат Өзтүрк жана башка жетекчилер  тосуп алды. Акар НАТОнун Туруктуу өкүлчүлүгү жана түрк аскердик өкүлчүлүгүнө барды.  

Бул жердеги иштер тууралуу маалымат алган министр Акар, президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде эл аралык аренада субъектиге айланган Түркиянын абдан маанилүү иштерди аткарып, олуттуу ийгиликтерге жетишкенин белгиледи.

Акар ар кандай факторлордон улам сезимтал мезгилден өтүп жатышканын айтып, иштердин дагы да жоопкерчилик менен улантылышынын маанисин баса белгиледи.

Акар бир тараптан  НАТОнун башкы кеңсесинде да эки тараптуу жолугушууларды өткөрүүдө. Бул алкакта министр Акар алгач Канаданын коргоо министри Анита Ананд менен жолугушту.

Эки тараптуу жана аймактык коргонуу жана коопсуздук менен коргоо өнөр жайындагы кызматташтык темаларында пикир алмашылган жолугушууда министр Акар Түркияга киргизилген чектөөлөрдүн алынышынын маанисине да басым жасады.



Тектеш кабарлар