Мевлүт Чавушоглу Лавров менен жолугушту

Жолугушуудан кийин эки министр биргелешкен пресс - жыйын өткөрүштү.

1796783
Мевлүт Чавушоглу Лавров менен жолугушту

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу ок атышпоо үчүн Россиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин жолугушуусун өткөрүүнү каалагандарын айтты.

Мевлүт Чавушоглу Россиянын борбор шаары Москвада Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушту.

Жолугушуудан кийин  биргелешкен пресс - жыйын өткөрүштү.

Чавушоглу: «Россия менен Украинанын ортосунда ок атышпоо үчүн аракет кылып жатабыз. Чыңалууну түшүрүү жана дипломатияга мейкиндик ачуу үчүн өзүбүздүн милдетти аткардык»,-деди.

 Министр Чавушоглу : "Биз 15 миңден ашык жаранды оор шарттарда өлкөбүзгө алып келдик. Мариуполдогу кагылышуу ​​уланып жаткандыктан жарандарды чыгарууда  кыйынчылык жаратууда. Жакын арада жыйынтык алабыз деп ишенем", - деди.

Путин менен Зеленскийдин жолугушуусун өткөрүүнү каалашкандарын баса белгилеген Чавушоглу: «Эки лидер келишим түзүү үчүн жолугушат деп үмүттөнөм»,- деп билдирди.

Түркиянын Россия-Украина согушуна объективдүү мамиле кылганын билдирген Лавров да : «Учурдагы кризистен келип чыккан тобокелдиктерге объективдүү мамиле жасоого аракет кылган Түркиянын позициясын баалайбыз жана сыйлайбыз»,-деди.

Путин менен Зеленскийдин жолугушуусунун алдында эч кандай тоскоолдук көрбөгөнүн баса белгилеген Лавров Россиянын башынан бери түрктөрдүн эвакуацияланышына жардам берүүгө аракет кылганын кошумчалады.

Чавушоглу Москвадагы жолугушууларынан кийин Украинага барат.



Тектеш кабарлар