Эрдоган Гурбангулы менен сүйлөштү

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын маалыматына караганда сүйлөшүүдө, эки өлкөнүн карым-катнаштарын бекемдей турчу кадамдар жана аймактык маселелер каралды.

1796207
Эрдоган Гурбангулы менен сүйлөштү

Президент Режеп Таййип Эрдоган Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын маалыматына караганда сүйлөшүүдө, эки өлкөнүн карым-катнаштарын бекемдей турчу кадамдар жана аймактык маселелер каралды.

Сүйлөшүүдө президент Эрдоган Түркмөнстандагы президенттик шайлоонун жыйынтыгынын пайдалуу болушун каалап, Сердар Бердымухамедовго Түркмөнстандын жаңы президенти болуп шайланышынан улам куттуктоосун айтты.

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун жетекчилигинде өрнөктүү өнүгүү кадамын жасаган өлкөнүн жетишкендиктерин мындан ары да улантаарына ишенгенин белгилеген президент Эрдоган, орток тарых жана маданияттан күч алган эки өлкөнүн карым-катнаштарынын жаңы мезгилде да чыңдала берерин билдирди. 



Тектеш кабарлар