Эрдоган - Мицотакис сүйлөшүүсү
Мицотакис жекшемби күнү Стамбулда Эрдоган тарабынан кабыл алынган.
1795436
Президент Режеп Таййип Эрдоган Грециянын премьер - министри Кирякос Мицотакис менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Президенттиктин коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда президент Эрдоган сүйлөшүүдө Ковид - 19 тести позитив чыккан Грециянын премьер - министри Мицотакиске жакшы тилектерин айтты.
Грециянын премьер - министри Мицотакис да президент Эрдоганга жакшы кабыл алышынан улам ыраазычылык билдирди. Мицотакис жекшемби күнү Стамбулда Эрдоган тарабынан кабыл алынган.