Украинадан эвакуацияланган түрктөр

Эвакуацияланган түрк жарандарынын саны 13 миң 963кө жетти.

1794241
Украинадан эвакуацияланган түрктөр

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Россия  -  Украина  согушунан улам кечээ Украинадан 154 түрк жаранынын дагы жолго чыккандыгын жарыялады. 

Чавушоглу твиттерден берген билдирүүсүндө Украинанын Одесса, Львов жана Чернигов шаарларынан 154 түрк жаранынын жолго чыккандыгын белгилеп : "Эвакуациялаган жарандарыбыздын саны 13 миң 963кө жетти. Жолуңар ачык болсун",- деди. 

 

 



Тектеш кабарлар