Столтенберг Түркиянын дипломатиялык аракеттерин колдойт

Столтенберг Түркиянын террор менен күрөшүүдө да маанилүү роль ойногонун, Сирия жана Ирак менен чектеш экендигин,  стратегиялык абалда орун алгандыгын белгиледи.

1793901
Столтенберг Түркиянын дипломатиялык аракеттерин колдойт

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Түркиянын Россия - Украина согушун токтотууга багытталган дипломатиялык аракетин жогору баалаганын айтты.

Анталья Дипломатия Форуму  үчүн Түркияга келген Столтенберг  Анадолу агенттигине берген билдирүүсүндө Түркиянын НАТОнун жамааттык коргонуусуна  башка жолдор менен  көптөгөн салым кошконун айтты.

Столтенберг Түркиянын террор менен күрөшүүдө да маанилүү роль ойногонун, Сирия жана Ирак менен чектеш экендигин,  стратегиялык абалда экендигин белгиледи.

Столтенберг Түркиянын Косово жана Ирак сыяктуу НАТО миссияларына абдан маанилүү салым кошконун, башка көптөгөн аймактарга учак жана кемелерди жөнөтүү менен НАТОнун миссияларына катышканын эске салды.

Россиянын Украинага кол салышын адилетсиз жана негизсиз согуш деп мүнөздөгөн Столтенберг  Европада Экинчи дүйнөлүк согуштан бери болбогон мыкаачылыктын болгондугун  баса белгилеп : "Россиянын президенти Путинди согуштуу токтотууга, күчтөрүн чыгарууга, дипломатиялык аракеттерге киришүүгө чакыруудабыз",- деди. 

Столтенберг Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулебанын кечээки Aнтлья Дипломатия  Форумунун алкагындагы жолугушуусуна токтолуп: "Түркияны тынчтык жолу менен чечүүгө алып келе турган дипломатиялык жана саясий процесстерди жеңилдетүү аракети үчүн колдойм»,-деди. 

Бир топ НАТО өлкөсүнүн Россияга каршы оор санкция салгандыгын эске салган Столтенберг Украинага карата колдоолорунун улантыларын айтты. 

Столтенберг эрте менен форум да өтө турган NEST Конгресс борборунда тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу менен жолугушту.

 

 



Тектеш кабарлар