Эрдоган: «Украинанын эгемендигин этибарга албаган мыйзамсыз кадамдарды Түркия катары кабыл албайбыз»

Эрдоган Анталья дипломатия форумунда сөз сүйлөдү.

1794056
Эрдоган: «Украинанын эгемендигин этибарга албаган мыйзамсыз кадамдарды Түркия катары кабыл албайбыз»
Antalya Diplomasi Forumu Açılış Erdoğan.jpg
Erdoğan Antalya Diplomasi Forumu.jpg

Президент Режеп Таййип Эрдоган: «Украинанын эгемендигин этибарга албаган мыйзамсыз кадамдарды Түркия катары кабыл албайбыз»,-деди.

Эрдоган Анталья дипломатия форумунда сөз сүйлөдү.

Түркиянын Жер Ортолук деңиз жана Кара деңиз өлкөсү экенин белгилеген президент: «Украина менен Орусия, Кара деңизден коңшубуз жана досубуз. Коңшуларыбыздын ортосундагы кризистин кагылышууга айланышына терең кайгыруудабыз. Чыңалуунун күчөп кетиши эң ​​көп бизди тынчсыздандырды, эң көп бизди кабатыр кылды. Коңшубуз болгон бир өлкөнүн эгемендигине каршы агрессивдүү аракеттерди эч качан кабыл албыз»,-деп айтты.

«Биздин каалообуз - токтоолук жана акыл-эстүүлүк жеңип, курал-жарактардын ​​мүмкүн болушунча тезирээк басылышы» деген Эрдоган: «Аймагыбызда тынчтыктын өкүм сүрүшү үчүн биз бардык күч-аракетибизди, анын ичинде Монтре келишими тарабынан өлкөбүзгө берилген ыйгарым укуктарды колдонууну улантабыз»,-деди.

Эрдоган Украинанын жеринин бүтүндүгүн этибарга албаган мыйзамсыз кадамдарды, өзгөчө Крымдын мыйзамсыз аннексияланышын Түркиянын четке кагышканын белгилеп: «Крым боюнча так позициябызды 2014-жылдан бери (мыйзамсыз аннексиялан) ар бир жолу айтып билдирип келем, ар бир учурда ачык түрдө айтып келдик»,- деп маалымдады.

Президент мындай деди: «Биз Орусия Федерациясы менен да, украиналык досторубуз менен да бардык жолугушууларыбызда бул маселени ар дайым күн тартибинде кармап келгенбиз. Эгерде 2014-жылы Крымдын басып алынышына бүткүл Батыш жана бүткүл дүйнө үнүн көтөргөндө, бүгүнкү күндө ушундай абалга туш болот белек?

Бирок Крымдын басып алынышына унчукпай койгондор азыр бир нерселерди айтып жатышат. Ооба, бул дүйнөнүн бир жеринде адилеттүүлүк жарактуу, бир жеринде жараксызбы? Бул кандай дүйнө?

Тилекке каршы бул адилетсиздикти жоюу үчүн эл аралык коомчулук керектүү сезимталдыкты көрсөтпөй, керектүү колдоолорду да берген жок. Украина өзүнүн адилеттүүлүк доосунда жалгыз калды. Мына бүгүн өз убагында күчтүү эрк көрсөтүлүп дипломатия менен чечиле турган көйгөйлөрдүн кыйратуучу жана азаптуу кесепеттерине туш болуп олтурабыз. Үйлөрүн таштап кеткен жарандарды, корккон жана тынчсызданган балдарды, урандыга айланган шаарларды, бейкүнөө адамдардын көз жумганын көргөн сайын кайгыбыз күчөп жатат».

Режеп Таййип Эрдоган өз сөзүндө дүйнөдө туруксуздук жана кагылышуулардан улам миллиондогон адамдардын үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болгонун да белгилеп: «Ачкачылык вирусу дүйнөдө жыл сайын коронавирустун жаңы түрүнө караганда көбүрөөк адамдардын өмүрүн алууда. Бүгүнкү күндө дүйнөдө ар бир 10 секундда бир бала бир үзүм нан же бир ууртам суу таба албай каза болууда. Миллиондогон адамдар туруксуздук жана кагылышуулардан улам үйлөрүн жана өлкөсүн таштап кетүүгө аргасыз болууда»,- деди.



Тектеш кабарлар