Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү

Чавушоглу Рияд Аль-Малики, Нараян Хадка жана Артис Пабрикс менен жолугушту.

1793494
Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу  эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Анталья дипломатиялык форумунан мурда эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү. 

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Палестинанын тышкы иштер министри Рияд Аль-Малики, Непалдын тышкы иштер министри Нараян Хадка жана Латвия Республикасынын вице-премьер-министри, коргоо министри Артис Пабрикс, Бахрейндин тышкы иштер министри Абдуллатиф бин Рашид Аль Заян, Бурундинин тышкы иштер министри Альберт Шингиро жана Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысы Багдад Амреев менен жолугушту.

Чавушоглу Аль-Малики, Хадка, Пабрикс, Аль Заян, Шингиро, Амреев менен  Анталья дипломатия форумунан  мурда  NEST Конгресс борборунда  эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.



Тектеш кабарлар