Столтенберг эртең Түркияга келет

Столтенберг Анталья дипломатия форумуна катышып, бул жерде сөз сүйлөйт.

1793309
Столтенберг эртең Түркияга келет

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг эртең Түркияга келет.

НАТОнун билдирүүсүнө караганда Столтенберг президент Режеп Таййип Эрдоган жана тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу менен жолугушат.

Столтенберг Анталья дипломатия форумуна катышып, бул жерде сөз сүйлөйт.

Анталья дипломатия форумунун катышуучуларынын арасында Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин төрагасы Рафаэль Мариано Гросси да болот.

Гросси социалдык медиадан берген билдирүүсүндө, Анталияда Украинадагы атомдук объектилердин коопсуздугун тез арада камсыз кылуу темасында сүйлөшүүлөрдү өткөрө турганын билдирди.

 

 



Тектеш кабарлар