Түрк аба жолдору Украина жана Молдовага каттамдарын токтотуу чечимин узартты
Россиянын Сочи шаарынан да аткарылган каттамдар 11 - мартка чейин токтотулду.
1792595
Түрк аба жолдору THY Россиянын кол салууларынан улам Украина аба аянтын жарандык каттамдарга жабуусу менен Украина жана Молдова үчүн чыгарган каттамдарды токтотуу чечимин узартты.
THYнын соцтармактан берген билдирүүсүндө : «2022 – жыл 23 - мартка чейин Украина жана Молдовага карата каттамдарын токтотту. Web сайтыбыздан жана 08503330849 телефон номери аркылуу билеттерди алмаштыруу жана тапшыруу иштерин аткара аласыздар»,- деп маалымдалды.
Россиянын Сочи шаарынан да аткарылган каттамдар 11 - мартка чейин токтотулду.
Орус аскерлери 24 - февралда Украинага кол сала баштаган.
Тектеш кабарлар
Жевдет Йылмаз эртең Өзбекстанга барат
Жевдет Йылмаз эки күндүк сапарында Өзбекстандын президенти Шевкет Мирзиёев менен жолугушат.