Израилдин президенти «диалогду өнүктүрүү» деген билдирүү менен Түркияга келди...

Герцог жубайы Михал Херцог менен Израилден Түркияга 2008-жылдан бери биринчи жолу жогорку деңгээлдеги сапар үчүн борбор шаар Анкарадагы Эсенбога аэропортуна конду.

1792734
Израилдин президенти «диалогду өнүктүрүү» деген билдирүү менен Түркияга келди...
erdoğan herzog.jpg
erdoğan herzog.jpg
herzog.jpg
herzog.jpg

Израилдин президенти Ицхак Герцог расмий иш сапары менен Түркияга келди.

Герцог жубайы Михал Херцог менен Израилден Түркияга 2008-жылдан бери биринчи жолу жогорку деңгээлдеги сапар үчүн борбор шаар Анкарадагы Эсенбога аэропортуна конду.

Түркиядагы 2 күндүк программасын Аныткабирге (Түркия Республикасынын негиздөөчүсү Ататүрктүн сөөгү жайгашкан) зыярат менен баштаган Герцог, кийин Президенттик комплексте президент Режеп Таййип Эрдоган тарабынан расмий азем менен тосуп алынды.

Бетме-бет жана делегациялар аралык жолугушууга өткөн Эрдоган менен Герцог андан кийин биргелешкен маалымат жыйынын өткөрөт.

Эрдоган тарабынан урматына бере турган расмий сый тамакка катыша турган Герцог андан кийин Стамбулга барат.

Израилдин президенти эртең Стамбулда жөөт жамаатынын өкүлдөрү менен жолугушат.

Герцог Түркияга бараткан учакка отурар алдында билдирүү жасап: «Президент Режеп Таййип Эрдогандын чакыруусу менен кызматка киришкенден бери болгон диалогду өнүктүрүү үчүн жубайым Михал менен Түркияга бара жатам. Түркия менен болгон карым-катнаштар Израилдин жана аймактын кызыкчылыгы үчүн болот. Бул сапар Израиль менен Түркиянын ортосундагы диалогду тереңдетет деп ишенем»,-деп айтты.

Узак тыныгуудан кийин Израилден Түркияга сапар болгонун белгилеген Ицхак Герцог: «Израиль менен Түркиянын мамилеси акыркы жылдарда өйдө-ылдый болуп оор мезгилдерди башынан өткөрдү. Бирок биз мамилелерибизди кайра баштап, мамлекеттер ортосундагы сый-урматтын алкагында кылдаттык менен жана өлчөп куруубуз керек»,-деди.

Израилдин президенти: «Мен ар дайым еврейлер, мусулмандар, христиандар биздин аймакта тынчтыкта ​​жашап, элдерге бакубатчылык жана кемчиликсиз жашоо тартуулайт деген көз карашымды баса белгилеп келем»,-деп айтты.

Герцог сапарынан кийин Түркия менен олуттуу процесстин, ар түрдүү деңгээлдеги терең диалогдун башталаарын, карым-катнаштарда жылыш жана оң натыйжалардын болушун үмүт кылганын айтты.

«Эл аралык тартип солкулдап тургандыктан, биздин аймакта туруктуулукту жана өнөктөштүктү сактоо жакшы жана маанилүү»,- деди ал.

Бир тараптан Израилдин лидеринин учагынын фюзеляжын иврит жана түрк тилдеринде «тынчтык, келечек, кызматташтык» деген жазуулар менен кооздоп коюшкан.



Тектеш кабарлар