ТИКАдан Пакистандагы аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү борборуна колдоо

Исламабаддагы Фатма Жиннах паркында оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүшү пландалган Аялдарды күчтөндүрүү борборунда кол коюу аземи өткөрүлдү.

1792004
ТИКАдан Пакистандагы аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү борборуна колдоо

Түрк Кызматташтык жана Координация Агенттиги (ТИКА) Пакистандын борбор шаары Исламабаддагы Аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү борборунун (WPC) жаңыланышы жана колдонула турган материалдарды жеткирүү үчүн Пакистандын Байт-ул-Мал мекемеси менен өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол койду.

Исламабаддагы Фатма Жиннах паркында оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүшү пландалган Аялдарды күчтөндүрүү борборунда өткөрүлгөн кол коюу аземине Түркиянын Исламабаддагы элчиси Ихсан Мустафа Юрдакул, ТИКАнын Исламабад координатору Мухсин Балжы, Пакистандын Байт-ул-Мал башкы директору Захир Аббас Хокхар жана коноктор катышты.

Элчи Юрдакул бул жерде жасаган билдирүүсүндө ТИКА менен Пакистандын Байт-ул-Мал мекемесинин ортосундагы кол коюунун абдан маанилүү жана мазмундуу болгонун жана бул кызматташтык менен өлкөдөгү аялдардын дагы да күчтөндүрүлүшү үчүн кадам таштагандарын белгиледи.

ТИКАнын координатору Балжы да Пакистан Байт-ул-Малда өлкө боюнча 160 Аялдын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү борбору бар экенин белгилеп, бул борборлордо жакыр аялдар жана жетим балдар үчүн кийим дизайны, сайма, негизги жана алдыңкы компьютер курстары сыяктуу көптөгөн кесиптик билимдер берилгенин белгиледи.

Балжы аталган борбордун аялдарга карата гендердик дискриминациянын азайышына жана жумушка орношуусуна салым кошо турганы тууралуу ой менен колдоо көрсөтө тургандарын айтты.

ТИКА сөз болуп жаткан имараттын оңдоп-түзөөдөн тышкары, аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү борборуна биринчи кезекте тигүү, оверлок жана пико машиналары баш болгон 32 түрдүү жабдыктарды берет.



Тектеш кабарлар