Калын: "Биз ок атышпоону туруктуу кылуу аракетибизди улантабыз"
Калын Твиттердеги баракчасынан билдирүү жасады.
1790958
Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын, Украинадагы жарандардын эвакуацияланышы үчүн жарыяланган ок атышпоону кубаттагандарын айтты.
Калын Твиттердеги баракчасынан жасаган билдирүүсүндө: «Украинадагы жайкын тургундарды эвакуациялоо үчүн жарыяланган ок атышпоо келишимин кубаттайбыз. Ок атышпоонун туруктуу болушу жана тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн натыйжа бериши үчүн президентибиздин жетекчилигинде демилгелерибизди улантабыз»,-деди.
Орусия Украинанын Киев, Мариуполь, Харьков жана Суми шаарларынан жарандардын эвакуацияланышы үчүн Москва убактысы боюнча саат 10.00дөн тарта ок атышпоо жарыялаганын билдирген эле.