Чавушоглу Кулеба менен Лавровдун Антальяга келерин билдирди
Мевлүт Чавушоглу бейшемби күнү Антальяда Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров жана Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба менен жолугуша тургандарын кабарлады.
Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу орус жана украин кесиптештери менен 10-марттагы Анталья дипломатия форумунда үч тараптуу форматта сүйлөшүү өткөрө тургандарын жарыялады.
Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу бейшемби күнү Антальяда Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров жана Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба менен жолугуша тургандарын кабарлады.
Министрликте билдирүү жасаган Чавушоглу, тараптар менен өткөргөн сүйлөшүүлөрдүн бул эки министрдин тең жыйынга катышуусун каалаганын белгиледи.
Мевлүт Чавушоглу: "Бул жыйын өзгөчө бурулуш учур болот деп үмүттөнөбүз. Тынчтык жана стабилдүүлүк үчүн позитивдүү кадам болушун каалайбыз", - деди.
Орус аскерлери 24-февралда Украинага чабуул баштаган болчу.
Түркия кол салуулардан мурда жана андан кийин да эки тарапка ортомчулукту сунуш кылган.