Калын : «Орусия үчүн дипломатияга мүмкүнчүлүк бербестен кол салууну улантуу чоң жаңылыштык болот»

Президенттиктин басма сөз катчысы Калын, Бекки Андерсондун CNN International телеканалынын программасына катышып, 24-февралдан бери уланып жаткан Орусия-Украина согушуна сереп салды.

1788908
Калын : «Орусия үчүн дипломатияга мүмкүнчүлүк бербестен кол салууну улантуу чоң жаңылыштык болот»

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын : «Орусия үчүн дипломатияга жана сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк бербестен кол салууну улантуу чоң жаңылыштык болот»,- деди.

Президенттиктин басма сөз катчысы Калын, Бекки Андерсондун CNN International телеканалынын программасына катышып, 24-февралдан бери уланып жаткан Орусия-Украина согушуна сереп салды.

Украинадагы окуялардан абдан тынчсыздангандарын белгилеген Калын: «Дипломатияга жана сүйлөшүүлөргө мүмкүнчүлүк бербестен Орусиянын чабуулун уланта бериши чоң жаңылыштык болот»,-деп айтты.

Түркиянын учурда Орусияга каршы санкция киргизүү планы жок экенин белгилеген Калын, Москва менен энергетика, туризм жана айыл чарба сыяктуу секторлор баш болгон күчтүү экономикалык карым-катнаштарынын бузулушун каалабагандарын айтты.

Калын санкциялардан узак туруунун эң маанилүү факторунун Орусия менен диалогду улантуу каалоосу экенин баса белгиледи.

Түркиянын Орусия менен байланышта болушунун маанисин батыш өлкөлөрүнөн келген жетекчилердин да билдиргенин белгилеген Калын: «Бул өлкөлөрдүн айрымдары Орусия менен байланышты үзбөй, кайра сүйлөшүү үстөлүнө отурууга үндөшү керек»,-деди.

Ядролук кол салуу коркунучу барбы деген суроого бул ыктымалдыктын ишке ашуусу катастрофалык болоорун баса белгилеген катчы Калын, НАТОнун Орусиянын президенти Владимир Путиндин бул сөзүнө сабырдуу түрдө жооп бергенин жана мунун туура мамиле болгонун белгиледи.

Калын керек болгондун чыңалууну басаңдатуу экенин белгиледи жана ядролук коркунучтун сүйлөшүү деңгээлинде гана калышын үмүт кылганын айтты.

Түркиянын НАТОнун кеңейүүсүнө карата оң мамилеси Украинанын ыктымал НАТОго мүчөлүк сценарийин да камтыйбы деген суроого Калын, бул мүмкүнчүлүккө бул этапта оң карай албагандарын айтты.

Орусиянын ушул этапта ок атышпоо үчүн көтөргөн талаптары тууралуу: «Бул өтө эле максималисттик жана логикалык эмес»,-деген баалоосун берген Калын, бул сунуштардын арасында орун алган Крымдын Орусияга тиешелүү аймак катары кабыл алынышы жана Украинанын куралсыздануу талабы эгемен өлкө үчүн кабыл алынгыс экенин белгиледи.

Калын Москва үчүн эң негизги маселенин Украинанын НАТОго мүчө болуу мүмкүнчүлүгү экенин ойлогондорун айтты.



Тектеш кабарлар