Украинадан эвакуацияланган түрк жарандары Румынияда

Түркиянын Бухаресттеги элчиси Фүсүн Арамаз 2 миңге жакын жарандын Түркиядан жөнөтүлгөн автобустар менен Румыния чек арасына алып келингендигин айтты.

1788635
Украинадан эвакуацияланган түрк жарандары Румынияда

Украина аба аянтынын жабык болушунан улам Тышкы иштер министрлигинин кургактык аркылуу эвакуациялоо планынын негизинде мурунку күнү жолго чыккан автобустар 2 миң түрк жаранын Румыниянын борбор шаары Бухарестке алып келди. 

Түркиянын Бухаресттеги элчилигинин жана өлкөдө жашаган ишкерлердин колдоосу менен убактылуу баш калкалоочу жайга айландырылган Бухарест Ромекспо көргөзмө борборунда жарандарга тамак  - аш таркатыды жана муктаждыктары камсыздалды.  

Баш калкалоочу жайга барган Түркиянын Бухаресттеги элчиси Фүсүн Арамаз 2 миңге жакын жаран үчүн убактылуу шарттардын түзүлгөнүн, Киевден поезд менен келген жарандар поездден түшкөндөн кийин Түркиядан жөнөтүлгөн автобустар менен Румыния чек арасына алып келингендигин айтты.

Арамаз жарандарды чек арада элчиликтин жооптуу кызматкерлери тосуп алганын жана Румыния бийлигинин  достук мамилеси аркасында Сирет дарбазасынан эч кандай көйгөйсүз Бухарестке жеткирилгенин айтты.

Ромексподо түнөгөн түрк жарандарынын бул жерден Бухаресттин Отопени аэропортуна жеткирилип, Түрк аба жолдорунун эвакуациялоочу учактарына отургузула турганын белгилеген Арамаз бүгүн уюштурула турган кошумча алты каттам менен 2 миң кишинин эвакуацияланышы аяктай турганын айтты.

 

 



Тектеш кабарлар