Президент Эрдоган НАТОнун саммитине катышат
Лидерлер саммитте Россиянын Украинага аскердик кийлигишүүсү жана акыркы абалдарды талкуулашат.
1785108
Президент Режеп Таййип Эрдоган бүгүн НАТОнун онлайн түрдө өтө турган саммитине катышат.
Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда НАТОнун мамлекет жана өкмөт башчылары Украинадагы абалдардын алкагында коопсуздук абалын талкуулоо үчүн бүгүн Түркия убактысы боюнча саат 17.00 телеконференция аркылуу жолугушат.
Президент Эрдоган да катыша турган НАТОнун кезексиз саммитинде лидерлер Россиянын Украинага аскердик кийлигишүүсү жана акыркы абалдарды талкуулашат.
Тектеш кабарлар
Ирактын түндүгүндө 2 террорист жок кылынды
Бул тууралуу Улуттук коргоо министрлигинен маалымат берилди.