Президент: "Бул кадам аймактын туруктуулугуна урулган сокку болуп саналат"

Президент Эрдоган борбор шаар Анкарадагы Президенттик комплексте Эл аралык демократтар биримдигинин делегациясына кайрылды.

1784611
Президент: "Бул кадам аймактын туруктуулугуна урулган сокку болуп саналат"

Президент Режеп Таййип Эрдоган: «Бул (Орусиянын Украинага операциясы) кадам аймактын стабилдүүлүгүнө урулган сокку болуп саналат»,-деди.

Президент Эрдоган борбор шаар Анкарадагы Президенттик комплексте Эл аралык демократтар биримдигинин делегациясына кайрылды.

Эрдоган, Орусиянын Украинага аскердик кийлигишүүсүнө байланыштуу: "Украинада жашаган ар бир адамдын, өзгөчө өз жарандарыбыздын жана татар боордошторубуздун коопсуздугун камсыз кылуу үчүн өз салымыбызды кошобуз. Аскердик операцияны кабыл алынгыс деп эсептейбиз жана аны четке кагабыз. Эл аралык мыйзамга каршы келген бул кадам аймактын тынчтыгына, бейпилдигине жана ырааттуулугуна урулган сокку болуп саналат»,-деди. 

Экөөнү тең дос өлкөлөр деп эсептеп, саясий жана социалдык жактан тыгыз карым-катнаштарыбыз бар Орусия менен Украинанын ушундай жол менен бетме-бет келгенине катуу капа болуп жатабыз»,-деген Эрдоган: "Орусия менен Украинанын ортосундагы көйгөйлөрдү Минск келишиминин алкагында диалог аркылуу чечүү чакырыгыбызды дагы бир жолу кайталайбыз"-деп билдирди.

Орусиянын президенти Владимир Путин, Украинанын чыгышындагы Донбасста атайын аскердик операция баштаганын жарыялаган эле.



Тектеш кабарлар