Эрдоган-Зеленский сүйлөшүүсү
Президенттиктин Коммуникация башкармалыгы маалымат берди.
1784576
Президент Режеп Таййип Эрдоган Украинанын президенти Владимир Зеленский менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын маалыматына караганда, Эрдоган-Зеленский сүйлөшүүсүндө Орусиянын Украинага кол салуусу жана акыркы абал талкууланды.
Эрдоган борбор шаар Анкарада Эл аралык демократтар биримдигинин делегациясына кайрылуусунда: "Түркия катары, Украинанын аймактык бүтүндүгүн коргоо күрөшүн колдой турганыбызды Зеленскийге да айттым",- деди.
Орусиянын президенти Владимир Путин, Украинанын чыгышындагы Донбасста атайын аскердик операция баштаганын жарыялаган болчу.