Эрдогандан Конго Демократиялык Республикасына (КДР) вакцина боюнча жакшы кабар…

Президент Эрдоган Африка турунун (КДР) биринчи аялдамасы Конго Демократиялык Республикасына (КДР) келди.

1781882
Эрдогандан Конго Демократиялык Республикасына (КДР) вакцина боюнча жакшы кабар…
Erdogan-Kongo
Erdoğan Kongo D.C Covid Aşı.jpg

Президент Режеп Таййип Эрдогандан Конго Демократиялык Республикасына (КДР) вакцина боюнча жакшы кабар…

Президент Эрдоган Африка турунун (КДР) биринчи аялдамасына келди.

Эрдоганды президент Феликс Тшисекеди расмий азем менен тосуп алды.

Эрдоган менен Тшисекеди бетме-бет жана делегациялар аралык жолугушуулардан жана эки өлкөнүн ортосундагы келишимдерге кол коюлгандан кийин биргелешкен маалымат жыйынын өткөрүштү.

Бул жерде сүйлөгөн сөзүндө президент Эрдоган:«Түркия-Африка шериктештик саммитинде кабыл алган декларация жана иш-чара планы менен 2022-2026-жылдардагы эки тараптуу карым-катнаштардын жол картасын аныктадык. Африка өлкөлөрү менен карым-катнаштарыбызды ушул алкакта чын ыкластуулук жана бир туугандыктын негизинде өнүктүрөбүз»,-деди. Эрдоган: «Мен өзүм менен 100 миң доза вакцина (коронавирустун жаңы түрүнө (Ковид-19) каршы) алып келдим. Саламаттыкты сактоо министрлиги дагы бир миллион доза Sinovac жана 100 000 доза TURKOVAC жөнөтөт»,-деп маалымдады.

Ал эми үй ээси президент Тшисекеди болсо «Түркия-Конго карым-катнаштарында тарыхый бир күн» деген сөздү айтып, сапардын эки өлкөнүн карым-катнаштарын башка нукта алып келерин белгиледи.

Эрдоган КДРга жасаган сапарынан кийин Африка турун Сенегал жана Гвинея-Бисауга болгон расмий сапарлары менен улантат.



Тектеш кабарлар