17 -18 - мартта Түркия - Европа Биримдиги биргелешкен парламенттик комиссиясынын жыйыны өтөт
Жыйынга комиссиясынын тең төрагасы Исмаил Эмрах Карайел, Европа Биримдигинин атынан парламенттин депутаты Сергей Лагодинский төрагалык кылат.
Түркия - Европа Биримдигинин биргелешкен парламенттик комиссиясынын жыйналышы 17 -18 - март күндөрүндө Бельгиянын борбор шаары Брюсселде Европа Парламентинде өткөрүлөт.
2018 - жылдан бери өткөрүлбөгөн жыйынга Түркиянын атынан Түркия - Европа Биримдигинин биргелешкен парламенттик комиссиясынын тең төрагасы Исмаил Эмрах Карайел, Европа Биримдигинин атынан парламенттин депутаты Сергей Лагодинскийдин төрагалык кылышы күтүлүүдө.
Акыркы жолу 2018 - жылдын 19 - декабрында Анкарада өткөрүлгөн 78 – жыйналыш Түркия Улуттук Парламенти менен Европа Парламентинин депутаттарын узак убакыттан кийин кайрадан жолугуштуруусу менен маанилүү болууда.
Жолугушууда Түркия - Европа Биримдигинин карым - катнаштары жана келечекте кайсы тармактарда кызматташуу керек деген темалардын талкууланышы күтүлүүдө.
Түрк жана европалык депутаттардын эки тараптуу парламенттер аралык карым- катнаштарды, аймактык жана эл аралык маселелерди да кеңири талкуулашары күтүлүүдө.
Тектеш кабарлар
Акыркы бир жумада 54 террорист жок кылынды
Президент Режеп Таййип Эрдогандын Иракка сапары да террор менен күрөшүүдө кызматташтыкты ылдамдатты.