Түркия Бразилиядагы селде каза болгондо үчүн көңүл айтты
Бразилиянын Рио - де - Жанейро штатында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам болгон сел жана жер көчкүдөн каза болгондордун саны 104 деп жарыяланды.
Түркия Бразилияда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам болгон селде каза болгондор үчүн көңүл айтты.
Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү маалыматында Бразилияда селден улам адамдардын каза болуп жана чоң чыгымдын болгондугу билдирилди. Маалыматта : "Каза болгондордун жакындарына, Бразилия калкына жана өкмөтүнө көңүл айтып, жаралуулардын бат айыгып кетишин каалайбыз",- деп билдирилди.
Бразилиянын Рио - де - Жанейро штатында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам болгон сел жана жер көчкүдөн каза болгондордун саны 104 деп жарыяланды.
Кырсыктан улам 35 адам дайынсыз жоголуп, кеминде 54 үй кыйрап, 370тен ашуун адамдын баш калкалоочу жайларга баш калкалаганы кабарланды.
Тектеш кабарлар
Эрдоган Парламенттер аралык Кудс платформасында сөз сүйлөдү
Палестина калкынын бүгүнкү күндө тарыхтын эң ырайымсыз зулумдарына дуушар болгонун айтты.