Түркияда Ковид-19га каршы күрөш уланып жатат
Бир күндө 463 миң 241 тест жасалып, 94 миң 176 кишиде вирус аныкталды.
1780012
Түркиянын коронавируска (Covid-19/ Ковид-19) каршы күрөшү уланып жатат. Акыркы 24 саатта каза болгон адамдардын саны 271 деп белгиленди.
Бир күндө 463 миң 241 тест жасалып, 94 миң 176 кишиде вирус аныкталды.
Акыркы 24 саатта айыккан кишилердин саны 104 миң 409 болду.
Түркияда ушул убакка дейре биринчи, экинчи жана үчүнчү доза вакцина алгандардын саны болсо 144 миллион 476 миң 562гө жетти.