Санжар рак изилдөөлөрүн Түркияга алып келет

Нобель сыйлыгынын ээси түрк илимпоз, профессор доктор Азиз Санжар рак оорусуна байланыштуу изилдөөсүн Түркияга алып келе тургандыгын билдирди.

1780252
Санжар рак  изилдөөлөрүн Түркияга алып келет

Нобель сыйлыгынын ээси түрк илимпоз, профессор доктор Азиз Санжар рак оорусуна байланыштуу изилдөөсүн Түркияга алып келе тургандыгын билдирди. 

Билим берүү министрлигинин чакыруусу менен Азиз Санжар билим берүү кампусунун ачылуу аземине катышуу үчүн АКШдан борбор шаар Анкарага келген Санжар илимий эмгектери  тууралуу айтты. 

Азиз Санжар жаңы бир эмгеги тууралуу биринчи жолу сөз кылып  : "Түркияга келгенден бир күн мурда жаңы бир нерсени таптык. Бул илимий, негизги бир изилдөө методу тактап айтканда ракты дарылай турган эмес бирок биз үчүн бир илимпоз үчүн абдан кубантуучу абал",- деди. 

Эмгектин ракты дарылоодо таасиринин болуп же болбой турганы боюнча берилген суроого : "Ракты дарылоодо бардыгын колдонсо болот. Бул изилдөө ДНКны оңдоого байланыштуу жана бул жаңы ыкма жана мен аны бир жылдын ичинде Түркияга  алып келе аламын",- деди Санжар. 

Санжар бул эмгектин макаласы азырынча жарыяланбагандыктан кенен түрдө маалымат берүүнүн туура болбой тургандыгын айтты. 

 



Тектеш кабарлар