Германиядагы катуу шамал

«Йления» деп аталган шамалдын ылдамдыгынын саатына 152 километрге жеткени билдирилди.

1780368
Германиядагы катуу шамал

Германияда түндө башталган катуу шамал жашоого терс таасирин тийгизди.

Өлкөнүн көптөгөн аймактарында шамалдан улам поезд каттамдары токтотулуп, мектептер жабылды.

Кулаган бактардын айынан Бавария жана Түндүк Рейн-Вестфалия аймактарынында 60 миңдей үй-бүлө электр жарыксыз калды.

Германиянын метеорология башкармалыгы (DWD), аптанын аягына чейин улана турган бороон сыяктуу катуу шамалдын себебинен милдеттүү шарттардан тышкары адамдардын көчөгө чыкпоосу керектигин эскертти.

Германиянын темир жолдору да Төмөнкү Саксония, Бремен, Гамбург, Шлезвиг-Гольштейн, Мекленбург-Төмөнкү Померан, Берлин жана Бранденбург аймактарында да шаар аралык поезд каттамдарын жойду.

«Йления» деп аталган шамалдын ылдамдыгынын саатына 152 километрге жеткени билдирилди.

Катуу шамалдан улам өрт өчүрүүчүлөрдүн көптөгөн куткаруу иштерине катышкандыгы белгиленди.



Тектеш кабарлар