Эрдоган: «Бүгүнкү күндө өз аймагында сөз ээси Түркия бар»

Эрдоган борбор шаар Анкарада өткөрүлгөн Президенттик кабинет жыйынынан кийин билдирүү жасады.

1780013
Эрдоган: «Бүгүнкү күндө өз аймагында сөз ээси Түркия бар»

Президент Режеп Таййип Эрдоган: «Түркиянын өнүгүүсүнө жана өсүшүнө салым кошо турган өлкөлөр менен болгон жакын байланышыбызды дагы да арттырабыз»,-деди.

Эрдоган борбор шаар Анкарада өткөрүлгөн Президенттик кабинет жыйынынан кийин билдирүү жасады.

Президент Бириккен Араб Эмирликтерине болгон эки күндүк визити тууралуу: «Түркия менен Бириккен Араб Эмирликтеринин ортосундагы карым-катнаштарга жаңы дем бере турган бул сапар жемиштүү жыйынтыктарды берерине ишенем. Алдыбыздагы мезгилде өзгөчө Перс булуңунун өлкөлөрү баш болгон Түркиянын өнүгүүсүнө салым кошо турган өлкөлөр менен тыгыз байланышыбызды дагы да арттырабыз»,-деп айтты.

Түркиянын азыр өз аймагында сөз сүйлөгөн өлкө болгонун билдирген президент, «Бүгүнкү күндө биз алдыңкы 10 экономиканын бири болуу жолундабыз. Бүгүнкү күндө саясий, аскердик, дипломатиялык жана экономикалык жактан өз аймагында сөз ээси Түркия бар»,-деди.

Түркиянын электр өндүрүшүнүн 4 эсе өскөнүн белгилеген Эрдоган, электр энергиясын өндүргөн станциялардын санынын 1808ге жеткенин белгиледи.

Жаңы типтеги коронавирустун Omicron варианты (Ковид-19) Түркияда оорулардын санын көбөйтсө да, системаны мажбурлай турган ооруканага жаткыруулардын көбөйбөгөнүн айткан президент Эрдоган: «Вакцинасы жок же толук эмдөөдөн өтө элек жарандарыбызга тез арада  өзүбүздүн TURKOVAC вакцинабызды алууну сунуштайм»,-деди.



Тектеш кабарлар