Түркия Эфиопиядагы өзгөчө абалдын жоюлушун кубаттайт

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, «Эфиопияда өткөн ноябрда жарыяланган өзгөчө абалды алып салуу чечимин кечээ Эфиопиянын парламенти жактырганын кубаттайбыз»,деп берилди.

1779535
Түркия Эфиопиядагы өзгөчө абалдын жоюлушун кубаттайт

Түркия Эфиопия парламентинин өлкөдөгү өзгөчө абалды  жоюу чечимин кубаттаганын билдирди.

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, «Эфиопияда өткөн ноябрда жарыяланган өзгөчө абалды алып салуу чечимин кечээ Эфиопиянын парламенти жактырганын кубаттайбыз»,деп берилди.

Билдирүүдө Түркиянын бул чечимди өлкөдөгү тынчтык жана ырааттуулуктун камсыздалышына карай туура кадам катары көргөнү белгиленип, «Эфиопиянын бардык катмарлары менен терең карым-катнаштары бар Түркия, Эфиопиянын татыктуу болгон коомдук тынчтык жана ырааттуулукка жетиши үчүн бардык аракеттерди колдоону улантат»,делди.

Эфиопиянын Министрлер Кеңеши 2-ноябрда элди Тигрей элдик боштондук фронтунун кол салууларынан коргоо үчүн бүтүндөй өлкөдө өзгөчө абал жарыялангандыгын билдирген.



Тектеш кабарлар