Хулуси Акар НАТОнун башкы кеңсесинде

Түркиянын НАТОдогу туруктуу өкүлү, элчи Басат Өзтүрк жана башка жетекчилер тосуп алган Акар НАТОнун Туруктуу өкүлү жана Түркиянын Аскердик өкүлчүлүгүн зыярат кылды.

1779699
Хулуси Акар НАТОнун башкы кеңсесинде

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар НАТОнун коргоо министрлеринин жыйынына катышуу үчүн Бельгиянын борбор шаары Брюсселдеги НАТОнун башкы кеңсесине барды.

Түркиянын НАТОдогу туруктуу өкүлү, элчи Басат Өзтүрк жана башка жетекчилер тарабынан тосуп алынган Акар НАТОнун Туруктуу өкүлү жана Түркиянын Аскердик өкүлчүлүгүн зыярат кылды.

Кызматкерлер менен жолугуп, жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат алган Акар, президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде эл аралык субъектиге айланган Түркиянын абдан маанилүү иштерди аткарып, олуттуу ийгиликтерге жетишкенин белгиледи.

Көптөгөн  түрдүү фактор жана факторлордон улам сезимтал мезгилден өтүлүп жаткандыгын баса белгилеген Акар : «Түркиянын 85 миллион калктын сиздерден күтүүлөрү чоң. Бул жылы Түркиянын НАТОго кошулушунун 70 -  жылы. НАТОнун  баалуулуктарын жана жоопкерчиликтерин бөлүшкөн Түркия  1952 -  жылдан бери өзүнө берилген бардык тапшырмаларды жана миссияларды ийгиликтүү орундатууда.  Бул жер НАТОнун миссияларына колдоо көрсөтүү менен бирге бир тараптан өлкөбүздүн  укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо жана колдоо үчүн маанилүү чөйрө», - деди.

НАТОнун Коргоо министрлеринин жыйындарына катышуудан мурда НАТОнун башкы кеңсесинде кызматкерлер менен жолугушуу өткөргөн Акардын күн ичинде кээ бир өлкөлөрдүн коргоо министрлери менен да эки тараптуу жолугушууларды өткөрүшү пландалууда.



Тектеш кабарлар