Эрдоган БАЭ сапарына баа берди

Президент Эрдоган БАЭге 2 күндүк сапарынан кийин социалдык тармактагы баракчасынан билдирүү жасады.

1779353
Эрдоган БАЭ сапарына баа берди

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Бириккен Араб Эмирликтери (БАЭ) менен кызматташуу эркинин эки тараптуу болушуна ыраазы экенин билдирди.

Президент Эрдоган БАЭге 2 күндүк сапарынан кийин социалдык тармактагы баракчасынан билдирүү жасады.

Бириккен Араб Эмирликтеринде өткөргөн жолугушууларыбызда карым-катнаштарды өнүктүрүү жана инвестицияны көбөйтүү боюнча күчтүү биргелешкен эркибизди көрсөтүп, жалпысынан 13 келишимге кол койдук»,- деген Эрдоган: «Биз Бириккен Араб Эмираттарынын коопсуздугун жана туруктуулугун колдойбуз. Булуң аймагынын коопсуздугун өзүбүздүн коопсуздугубуздан бөлөк деп эсептебейбиз. Кызматташтыгыбызда жетишилген темпти сактап калуу жана алдыга жылдыруу эркинин эки тараптуу болушу өзгөчө кубандырат. Жалпы кызыкчылыктарыбыз жана аймагыбыздын келечеги үчүн бул аракетти өз ара урматтоо жана ишенимдин негизинде улантууга чечкиндүүбүз»,-деп айтты.

Эрдоган сапарынын фотосүрөттөрүн да бөлүшкөн билдирүүсүндө: «Бириккен Араб Эмираттарына болгон иш сапарыбыз бою жылуу маанай жана жакындыкты сездик. Мага жана менин делегацияма көрсөткөн жылуу меймандостугу үчүн Абу-Дабинин мураскор ханзаадасы кымбаттуу бир тууганым шейх Мухаммед Бин Заидге ыраазычылык билдиргим келет»,-деди.

Президент түндө өлкөгө кайтып келди.



Тектеш кабарлар