Чавушоглу-Байрамов сүйлөшүүсү
Чавушоглу менен Байрамов сүйлөшүүдө эки тараптуу карым-катнаштарды жана учурдагы аймактык маселелерди талкуулашты.
1779892
Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Министрликтен алынган маалыматка караганда, коронавирус (Ковид-19) тестинин оң чыгышынан улам жакшы каалоолорун айткан Байрамовго ыраазычылык билдирген Чавушоглу, кесиптешине жакынкы күндөргө пландаштырылган Азербайжанга сапарын кийинкиге калтырууга аргасыз болгонун айтты.
Чавушоглу менен Байрамов сүйлөшүүдө эки тараптуу карым-катнаштарды жана учурдагы аймактык маселелерди талкуулашты.