Хулуси Акар НАТОнун коргоо министрлеринин жыйынына катышат

Акар Украина менен Россиянын ортосундагы чыңалуу күчөгөн учурда НАТОнун башкы кеңсесинде боло турган жолугушуу үчүн Бельгиянын борбор шаары Брюсселге барат.

1778981
Хулуси Акар НАТОнун коргоо министрлеринин жыйынына катышат

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар 16 - 17 - февралда боло турган НАТОнун коргоо министрлеринин жыйынына катышат.

Акар Украина менен Россиянын ортосундагы чыңалуу күчөгөн учурда НАТОнун башкы кеңсесинде боло турган жолугушуу үчүн Бельгиянын борбор шаары Брюсселге барат.

Жыйындын алкагында Өзөктүк пландоо тобуна, Европадагы коопсуздук абалы жана тоскоолдук - коргонуу сессияларына жана башка жыйындарга катыша турган Акар, Англия, Румыния, Латвия, Эстония жана Түндүк Македония, Нидерландия сыяктуу кээ бир өлкөлөрдүн коргоо министрлери менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт. 



Тектеш кабарлар