Израилдин президенти мартта Түркияга келет

Израилдин кээ бир министрлери да Анталья дипломатия форумуна (2022-жылдын 11-13-марты) катышуу үчүн Түркияга келишет.

1778858
Израилдин президенти мартта Түркияга келет

Израилдин президенти Ицхак Герцог 9-10-март күндөрү Түркияга келет.

Сапар алдында Президенттиктин басма сөз катчысы элчи Ибрахим Калын менен тышкы иштер министринин орун басары Седат Өнал болсо 2022-жылдын 16-17-февралында Палестина жана Израилге барат.

Палестинанын мамлекет башчысы Махмуд Аббас тарабынан кабыл алына турган делегация Израиль жетекчилери менен да жолугуп, президент Ицхак Герцогдун Түркия сапарына даярдыктарды талкуулайт.

Израилдин кээ бир министрлери да Анталья дипломатия форумуна (2022-жылдын 11-13-марты) катышуу үчүн Түркияга келишет. 

Президент Режеп Таййип Эрдоган, өткөн айларда Израиль менен жаңы процесстин башталып башталбасы темасында эки өлкөнүн чалгындоо кызматтарынын сүйлөшүп жатканын билдирген жана бул билдирүү күн тартибинде маанилүү орунду ээлеген.

Андан соң Түркиядан да, Израилден да «диалог» билдирүүлөрү айтылып, 2022-жылдын январында эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери 13 жылдан кийин биринчи жолу телефон аркылуу сүйлөшүү өткөргөн болчу.

 



Тектеш кабарлар