Президент Эрдоган БАЭде...

Эрдоган, Абу-Дабинин мураскор ханзаадасы шейх Мухаммед бин Заид Аль Нахайяндын чакыруусу менен эки күндүк расмий сапар менен Бириккен Араб Эмирликтерине (БАЭ) барды.

1778484
Президент Эрдоган БАЭде...
Erdogan BAE.jpg
Erdogan BAE 1.jpg

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Абу-Дабинин мураскор ханзаадасы шейх Мухаммед бин Заид Аль Нахайяндын чакыруусу менен эки күндүк расмий сапар менен Бириккен Араб Эмирликтерине (БАЭ) барды.

Президент Эрдоганды Абу-Даби эл аралык аэропортунда Абу-Дабинин федералдык министри Тани бин Ахмед Аль Зеюиди, Түркиянын Абу-Дабидеги элчиси Тугай Тунчер жана Дубайдагы башкы консулу Мустафа Илкер Кылыч тосуп алды.

Андан соң Мамлекет башчылыгы Каср Ал-Ватанга өткөн Эрдоган, мураскор ханзаада Аль Нахайян тарабынан расмий азем менен тосуп алынды. Расмий тосуп алуу аземинен кийин эки лидердин эки тараптуу жолугушуусу болду.

Бул арада президент Эрдоган менен Абу-Даби мураскор ханзаадасы Аль Нахайян баштаган делегациялардын жолугушуусунан кийин эки тараптуу келишимдерге кол коюлду.

Түркия Республикасынын Өкмөтү менен БАЭ Өкмөтүнүн ортосунда коргонуу өнөр жайы, саламаттыкты сактоо, климаттын өзгөрүшү, өнөр жай, технология, маданият, айыл чарба, соода, экономика, кургактык, деңиз транспорту, жаштар, табигый кырсыктарды башкаруу, метеорология, байланыш жана архив тармагында 13 келишимге кол коюлду.

Президент Эрдогандын сапарынын алкагында өткөрө турган жолугушууларда эки өлкөнүн ортосундагы карым-катнаштарды жана кызматташтыкты өнүктүрүү, ошондой эле тынчтык жана стабилдүүлүктү сактоо түшүнүгүнүн негизинде аймактык жана эл аралык кырдаалдын талкууланышы күтүлүүдө.

Эки өлкөнүн ортосундагы карым-катнаштарды чыңдоого багытталган келишимдерге кол коюлган жолугушуулардын алкагында президент Эрдоган айрыкча 15-февралда «ЭКСПО 2020 Дубай» дүйнөлүк жарманкеге барат жана «Түркиянын Улуттук күнү» деп белгиленген Түркиянын көргөзмө аянтына учурайт.



Тектеш кабарлар