Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу сомалилик кесиптеши менен сүйлөштү

Министр Чавушоглу сүйлөшүүдө Сомалиде 9 – 10 -  февралда болгон террордук кол салуу үчүн көңүл айтты.

1777410
Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу сомалилик кесиптеши менен сүйлөштү

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Сомалинин тышкы иштер министри Абдисаид Мусе Али менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Министрликтен берилген маалыматка караганда сүйлөшүүдө министр Мусе Али Түркиянын Ковид  - 19га каршы чыгарган ата мекендик вакцинасы TURKOVAC үчүн  кубанычтуу экендигин айтып, Түркияны куттуктады.

Министр Чавушоглу сүйлөшүүдө Сомалиде 9 – 10 -  февралда болгон террордук кол салуу үчүн көңүл айтты.

Мыйзамсыз мигранттардын артка сүрүлүшү каралган сүйлөшүүдө министр Чавушоглу артка сүрүүнүн натыйжасында Ипсала жакындарында тоңуп каза болгон Сомалинин 5 жараны үчүн көңүл айтты.

Чавушоглу мындай артка кайтаруулардын кабыл алынгыс экендигин, Европа Биримдигинин үнсүз, эч бир каршылык көрсөтпөгөндүгүн, Түркиянын бул адам укуктарынын бузулушун эл аралык платформаларда күн тартибине алып келүүнү улантарын баса белгиледи.

Министр Мусе Али бул трагедиядан кутулган жарандарга берилген жардамдар үчүн да ыраазычылык билдирди. Мусе Али өзгөчө 11 – 13 -  мартта боло турган Анталья дипломатия форумуна катышарын айтты.



Тектеш кабарлар