Шентоп Иранды куттуктады
Шентоп Иран Ислам Кеңешүү Мажлисинин төрагасы Мухаммед Багер Галибафка улуттук күндөн улам куттуктоо катын жөнөттү.
Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп, Иран Ислам Республикасынын Улуттук күнү менен куттуктады.
Шентоп Иран Ислам Кеңешүү Мажлисинин төрагасы Мухаммед Багер Галибафка улуттук күндөн улам куттуктоо катын жөнөттү.
Парламенттин төрагасы Шентоп катында: «Иран Ислам Республикасынын Улуттук күнүнөн улам дос жана боордош Иран эли менен жетекчилерин, түк улутунун жана жеке өзүмдүн атымдан чын дилимден куттуктаймын.
Биздин күчтүү тарыхый, маданий жана адамзаттык байланыштарыбыз, бекем негизде калыптанган мамилелерибиз парламенттерибиздин биргелешкен аракеттери жана өз ара байланыштары аркылуу дагы да бекемделе берет деп ишенем.
Улуттук күндөн улам Иран элине тынчтык жана бакубатчылык, ден-соолук жана бакыт-таалай каалайм»,-деди.
Тектеш кабарлар
Эрдоган Парламенттер аралык Кудс платформасында сөз сүйлөдү
Палестина калкынын бүгүнкү күндө тарыхтын эң ырайымсыз зулумдарына дуушар болгонун айтты.
Эрдоган жөөт жарандарын Пасах майрамы менен куттуктады
Президент Эрдоган Пасах майрамына байланыштуу куттуктоо жарыялады.