Ибрахим Калын күн тартиби тууралуу билдирди

Катчы Калын НАТОдон Түркияга келген ыраазычылыкты эске салып,  кризистин чечилиши тууралуу Украина жана Россия менен  сүйлөшө алган бир гана өлкө Түркия экендигине көңүлдөрдү бурду.

1775052
Ибрахим Калын күн тартиби тууралуу билдирди

 Президенттиктин катчысы Ибрахим Калын Ковид  - 19 тести позитив чыккан президент Р. Т. Эрдогандын ден соолугунун жакшыга карай бара жаткандыгын билдирди. Ибрахим Калын менчик телекөрсөтүү каналында : «Президентибиздин абалы кечээкиге, мурунку күнгө караганда дагы жакшы, дарыгерлердин  айтымына караганда бир нече күндө негативге айланат»,- деди.  

Катчы Калын НАТОдон Түркияга келген ыраазычылыкты эске салып,  кризистин чечилиши тууралуу Украина жана Россия менен  сүйлөшө алган бир гана өлкө Түркия экендигине көңүлдөрдү бурду.

Калын президент Эрдогандын Украинанын президенти В. Зеленский менен Россиянын президенти В. Путинди жолугуштуруу сунушунун абдан маанилүү экендигин да баса белгиледи. Калын Израилдин Палестина маселесинде конструктивдүү кадамдарга бара баштаганын да белгилеп : «Израилдин президенти Ицхак Герцогдун Түркияга жасай турган сапары эки өлкөнүн карым  - катнаштары жана Палестина үчүн маанилүү»,- деди.

Ибрахим Калын аймактагы түрк аскерлеринин Сириянын 2,5 миллион калк жашаган Идлиб аймагынан жаңы көч толкунун алдына алууда маанилүү роль ойногондугун белгиледи.



Тектеш кабарлар