Улуттук коргоо министри Акардын Ковид-19 тести позитив болуп чыкты

Бул тууралуу Акар Твиттер баракчасынан маалымат бөлүштү.

1774250
Улуттук коргоо министри Акардын Ковид-19 тести позитив болуп чыкты

Улуттук коргоо министри Хулуси Акардын жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) тести позитив болуп чыкты.

Акар Твиттер баракчасынан маалымат бөлүшүп, «Менин Ковид-19 тестимдин жыйынтыгы позитив болду. Кудайга шүгүр ден-соолугум жакшы жана керектүү чараларды көрүү менен ишибизди улантып жатабыз», деген сөздөрдү жазды.



Тектеш кабарлар