Сойлу Идлибде курулуп жаткан брикет үйлөрүн иликтеди

Министр Сойлу, Хатай губернатору Рахми Доган жана Апаат жана өзгөчө кырдаалдарды башкаруу (AFAD) башчысы Юнус Сезер менен Идлиб аймагында AFADтын координациясында курулуп жаткан брикет үйлөрүн текшерди.

1773999
Сойлу Идлибде курулуп жаткан брикет үйлөрүн иликтеди

Ички иштер министри Сүлейман Сойлу Сириянын Идлиб аймагында пландалган болжолдуу 63 миң 500 брикет үйдүн 52 миң 500үнүн бүткөрүлгөнүн, 46 миңинин үй-бүлөлөргө берилгенин айтты.

Министр Сойлу, Хатай губернатору Рахми Доган жана Апаат жана өзгөчө кырдаалдарды башкаруу (AFAD) башчысы Юнус Сезер менен Идлиб аймагында AFADтын координациясында курулуп жаткан брикет үйлөрүн текшерди.

Курулушу аяктаган үйлөргө жайгашкан жана чатырда жашап жаткан үй-бүлөлөргө да барган Сойлу түрк элинин жана президент Режеп Таййип Эрдогандын үй-бүлөлөргө саламын айтты.

AFAD тарабынан даярдалган жардам кутуларынын бөлүштүрүлүшүн коштогон Сойлу балдарга оюнчук жана шоколад да берди.

Министр Сойлу: «Урматтуу президентибиз, министрлер кабинети жана баардык досторубуз тарабынан курулган үйлөр да бул аймакта. Бул жерде жүз миңдеген адамдар жашайт. Ушул убакка чейин Идлиб аймагында болжол менен 63 500 брикет үйү пландалган. Алардын 52 500ү бүткөрүлдү. Дагы 7500 даанасынын курулушу баш-талды.Курулушу аяктагандардын 46 миңге жакыны тапшырылды»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар