Фуат Октай террор менен күрөш, Украина - Россия кризиси тууралуу маалымат берди

Октай ошондой эле мыйзамсыз мигранттарды артка түрткөн жана 19 кишинин тоңуп каза болушуна себеп болгон Грецияга да каршылык көрсөттү.

1773810
Фуат Октай террор менен күрөш, Украина  -  Россия кризиси тууралуу маалымат берди

Вице  - президент Фуат Октай Ирак жана Сириянын түндүгүнөн элге жана коопсуздук күчтөрүнө карата террордук кол салууларды жок кылуу үчүн түрк куралдуу күчтөрү тарабынан 2 -  февралда баштатылган «Кыш бүркүтү» операциясынын эффективдүү күрөш болгондугун белгиледи. Октай  менчик телеканалдын  түз эфиринде күн тартиби тууралуу маалымат берди.

Террор менен күрөшүүгө токтолгон Октай чалгындоо маалыматтарынын негизинде Ирак чек арасынан 165 километр ичкеридеги Каражак жана 85 километр ичкеридеги Дериктеги буталардын бир убакта таамай атылышы тууралуу : «Абдан натыйжалуу күрөш болду. Муну менен эле калбайт, башынан кандай башталган болсо ошондой улантылат»,- деди.

Октай аянтта ДЕАШ менен күрөшкөн, бул үчүн шейит берген, миңдеген террористти жок кылган Түркия экендигин белгилеп : «Аймакта ДЕАШты кайрадан жандандыруу аракети болуп жатканын ар дайым көрүп турабыз. Түркиянын позициясы абдан ачык. ДЕАШ, жикчил террордук уюм ПКК, анын уландысы ПЙД жана Фетуллахчы террордук уюм (ФЕТӨ) менен кантип чырмалышканын так көрүүдөбүз»,- деди. 

Президент Р.Т. Эрдогандын Украина сапарына баа берүүсүндө  сапардын абдан ийгиликтүү өткөндүгүн айткан Октай Украина жана Россиянын ортосундагы кризисте Түркиянын сүйлөшүүлөрдү өткөрө аларын жарыялагандыгын эске салды.

Октай : «Бирдикте иш аткара ала турган, сүйлөшө ала турган эки өлкөнүн өз араларындагы маселени тынчтык жолу менен чечишин каалайбыз»,- деди.

Октай ошондой эле мыйзамсыз мигранттарды артка түрткөн жана 19 кишинин тоңуп каза болушуна себеп болгон Грецияга да каршылык көрсөттү.



Тектеш кабарлар